Өз уулунун ур-токмогуна кабылган эне аны каматуудан баш тартты (видео)

556

Карысы бардын ырысы бар. Бул сөздүн мааниси терең. Тилекке каршы азыр аны түшүнбөгөн, ата-энесинин кадырына жетпегендер бар. Ош областында өз уулунун ур-токмогуна кабылган эненин окуясы көп адамдын жүрөгүн сыздатты. 78 жаштагы апаны 47деги баласы көгала кылып сабап, күн көрсөтпөй келген. Азаптуу жашоону башынан өткөрүп жаткан эненин акыры чыдамы кетип, жардам сурап кайрылууга аргасыз болгон. Баары бир эне да. Чоң муштум уулуна каршы арыз жазуудан, аны каматуудан баш тартты. Бирок үйүнө кайтып барбайм дейт.

Тамактын таттуусун, кийимдин жакшысын алып берип, бүт өмүрүн баласына арнаган айрым ата-энелер уул-кызынын сый-урматын көрүп, төрүндө ысык чайын ичип, небере-чөбөрө ойнотоор маалда запкыдан башы чыкпаса, кээ бири карылар үйүнүн босогосун аттаганга аргасыз. Замана бузулдубу? Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында азыр 6 карылар үйү бар. Ал жакта азыр миңден ашык кары-картаң күн кечирип келет. Тагыраак айтканда, ушунча ата-энеден баласы баш тарткан.