Өзбек чек арасында ок жеген жаранга байланыштуу кылмыш иши козголду

745

Ала Бука районунда жергиликтүү тургунду Өзбекстандын чек арачылары атканы боюнча кылмыш иши козголду. Райондук милиция Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, адам уурдоо, адам өмүрүнө кол салуу беренелерине ылайык иш ачкан.

Бул окуяны дыкат иликтөө боюнча Акыйкатчы институту президентке жана премьер-министрге кайрылып, өлкө жетекчилери өз көзөмөлүнө алган. Жарадар болгон Асан Үсөнбаевдин айтымында, 27-январь күнү кечке маал ал Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүргөндө Өзбекстандын чек арачылары бери өтүп ок чыгарып, андан кийин кошуна өлкөгө алып кирип кетишкен. Биздин жаран Наманган областынын ооруканасына жаткырылып, 31-январда мекенине кайтарылган.

Үсөнбаев учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Өзбекстандын чек арачыларынын огу анын оң бутунун санын тешип кеткен. Дарыгерлердин айтымында, ага дагы бир нече жолу операция жасалышы зарыл.