Өзбек өкмөтү соттун чечимисиз сайттарга бөгөт коюу укугуна ээ болду

696

Өзбекстан өкмөтү тыюу салынган маалыматтарды камтыган сайттарга чектөө киргизүү тартиптерин бекиткен документти кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы Telegram-каналы аркылуу билдирди.

Маалыматка караганда, жакында өлкөдө атайын реестр түзүлүп, ага кирген сайттар менен блокторго бөгөт коюлат.

Сайтка бөгөт коюуга конституциялык түзүлүштү жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузуу чакырыктары, согуш, зомбулук, терроризм, экстремизм жана сепаратизм идеяларын жайылтуу, мамлекеттик сыр болгон жана мыйзам менен корголгон маалыматтарды ачыкка чыгаруу, диний жана этникалык кастыкты козутуу, порнографиялык жана маңзатын пропагандалоо негиз болот.

«Массалык маалымат каражаттары тууралуу» мыйзамга ылайык, Өзбекстан аймагындагы ЖМКлардын ишмердүүлүгү соттун чечими менен гана токтотулат. Мындай жаңы чектөөлөр өлкөдө диний темада жазган бир нече блогер кармалгандан кийин киргизилүүдө.