Өзбек жараны Кыргызстанга машиненин багажнигинде өтүүгө аракет кылды

741

Кыргыз-өзбек чек арасынан машиненин багажнигине бекинип өтүп жаткан адам кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, 6-май күнү Баткен облусунун аймагында жайгашкан «Ак-Кыя» бекетинин жоокерлери “Hyundai Starex” автоунаасын текшеришкен. Машиненин багажнигинде Өзбекстандын жараны болгон. Териштирүү учурунда өзбек жаранынын тек-жайын тастыктаган документтер жок экени, Кыргызстанга жашыруун жол менен келатканы аныкталды.

Айдоочу жана коңшу өлкөнүн тургуну Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда бир канча жыл жабык турган кыргыз-өзбек чек арасы 2017-жылдын күзүндө ачылып, ары-бери каттоо жанданган.