Өзбекстан «Бишкек-Ташкент» автобус каттамы боюнча билдирүү жасады

844

Өзбекстан Автотранспорт мекемеси Казакстандын «Бишкек-Ташкент» багыты боюнча жүргөн автобус каттамын өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатканы боюнча билдирүү жасады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап кышкы мезгилге карата каттамдардын жүрүү убактысына өзгөртүүлөрдү киргизип, ал Казакстандын Дархан айылынан Бишкекке каттаган эл аралык автобус рейсинин убактысы менен дал келип калган. «Буга байланыштуу Казакстан өз аймагы аркылуу автобустардын өтүшүн убактылуу токтоткон. Учурда бул боюнча үч тарап ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдиришти мекемеден.

Ырасталбаган маалыматтар боюнча казак тарап «Бишкек-Ташкент» каттамына өзүнүн жүргүнчү ташуучу компаниясын дагы кошууну талап кылууда.

Кыргызстан менен Өзбекстан Бишкектен Ташкентке жүрүүчү рейсти 2018-жылдын май айында эки өлкөнүн өкмөтүнүн келишиминин негизинде ишке киргизген. Каттамдын жалпы узундугу 601 чакырымды түзөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.