Өзбекстан Чыңгыз Айтматовдун мааракесин дүңгүрөтө өткөрөбү? (видео)

1953

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине кандай даярдык көрүлүп жатат? Маданият министрлигинен билдиришкендей, майрамга карата 52 иш-чара өткөрүү пландалып, буга мамлекет тарабынан 82 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мааракенин алкагында Талас областынын Шекер айылында Чыңгыз Ордо маданий комплексин куруу каралган. Бирок учурда анын долбоору даяр болбогондуктан, ал объект Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата бүткөрүлүшү мүмкүн экен. Мындан тышкары, атактуу инсандын чыгармалары боюнча көркөм тасма тартуу пландаштырылган. Бирок бул аракеттер да быйыл ишке ашырылбайт. Ал арада кошуна Өзбекстанда Айтматовдун мааракесин мамлекеттик деңгээлде масштабдуу түрдө белгилөө тууралуу жарлык чыкты.