Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө ниеттенүүдө

736

Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кирүү боюнча ишти жандандырат. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Сеулдагы бизнес-форумда билдирди.

«Биз Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү боюнча ишти кайра жандандырдык», – деди Мирзиёев. Ал Өзбекстан менен Корея ДСУга кирүү маселелеринде кызматташуу боюнча Өзбекстан менен Корея биргелешкен “жол картасын” кабыл алууну пландап жатканын белгиледи.

«Корея – биз бул сыяктуу документтерге кол койгон биринчи мамлекет болуп калды. Мындан тышкары корей өнөктөштөрүбүз менен өз ара соода алакаларын жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып жатабыз», – деди Мирзиёев.

Дүйнөлүк соода уюму 1995-жылы эл аралык сооданы либералдаштыруу жана соода саясатын жөнгө салуу максатында түзүлгөн. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжан, Беларус, Түркмөнстан жана Өзбекстан бул уюмга мүчө эмес.