Өзбекстан Кыргызстан менен чек аранын 80% макулдашылганын билдирди

959

Кыргыз-өзбек чек арасынын 80 пайыздан ашыгын бекитүү боюнча өткөөл келишимдин долбоору даярдалып, макулдашылды. Бул тууралуу Өзбекстандын өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, тараптар чек ара тууралуу келишим боюнча макулдашуудан тышкары мамлекеттер аралык документке дагы тиешелүү сунуштарды даярдашкан.

21-августтан 31-августка чейин алгач Бишкекте, андан кийин Ташкентте чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өткөн.

28-августта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстан менен чек аранын 84% макулдашылганын билдирген. Анын айтымында, 26 жылдан бери «көйгөйлүү» болуп келген чек ара маселеси учурда чечилүүдө. Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 320 чакырымы тактала элек.