Өзбекстан, Кыргызстан, Россия жарандары спайс менен кармалды (видео)

713

Кыргызстанда 2 жылдан бери спайс менен шугулданган кылмыштуу топ кармалды. Кыргызстандын, Өзбекстандын, Россиянын жарандары, Бишкек шаарында адамдын акыл-эсине таасир этчү каражаттарды жасап, аны интернет аркылуу сатып келишкен. Эң кызыгы, муну менен алектенгендер бири-бирин тааныбайт. Буйрутма бергендерди да билишпейт. Каражат электрондук капчык аркылуу которулуп, товарды кардарлары бекитилген жерден алып кетип турушкан. Кылмыштуу топту кармаган учурда, алардын жанынан 1800 адамга жетчү, жалпы баасы 3 миллион сомдук баңги заты алынган. Тергөө аныктагандай, 1,5 грамм спайс — 2000 сомдон сатылып келген.