Өзбекстан темир жол аркылуу жүк ташууга Кыргызстанга женилдик берди

939

Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти. Ага ылайык, жыл аягына чейин Кыргызстандын бардык жүктөрү кошуна өлкөнүн аймагы аркылуу 30 пайызга арзандатылган тариф менен ташылат.

Буга чейин жүктүн көлөмү 300 миң тоннадан ашса гана жеңилдик берилээри айтылган болчу. Эми Өзбекстан аркылуу бардык жүктөр арзандатылган тариф менен ташыла баштайт.

Эске салсак, былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчылары Ташкентте жолугушуп, анда ушул маселе боюнча макулдашышкан.