Өзбекстанда 8 кишиге коронавирус жукканы кабарланууда

3889

Кошуна Казакстанда бир суткада эле коронавирус жуктурган дагы 3 киши аныкталып, жалпы бейтаптардын саны 13кө жетти. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Алматы шаарынын тургундары. Нур-Султан шаарында 2 адам ооруканада.

Эске салсак, Казакстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Мындай тартип бир айга чейин созулмакчы. Өлкөдө бир топ мекемелер жабылып, казак өкмөтүнүн жыйындары онлайн тартибинде өтүүдө.

Чек араларында жарандарга жана унаанын бардык түрлөрүнүн каттамына чектөө киргизилди. Ошондой эле, кошуна Өзбекстанда 8 кишиге вирус жукканы маалымдалды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.