Өзбекстанда атайын кызматтын мурдагы генералы камалды

875

Өзбекстанда мурдагы Улуттук коопсуздук кызматынын генаралы Хаёт Шарифходжаев кармалды. Ал кызматтан 2015-жылы алынган.

51 жаштагы Хаёт Шарифходжаев Өзбекстан ИИМинин кызматкерлери тарабынан кармалганын министрликте иштеген офицерлердин бири кабарлады.

Башкы прокуратурадагы өз булак дагы бул маалыматты тастыктады. Генерал Шарифходжаев 2-апрелден бери убактылуу тергөө абагында отурат. Бирок Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Хаёт Шарифходжаевдин кармалышы тууралуу кабардар эместигин билдирди.

Башкы прокуратурадагы тергөөчү кабарлагандай, Хаёт Шарифходжаев мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыров менен Ташкент шаарынын прокурорунун биринчи орун басары Мираглам Мирзаевдин ишинин негизинде кармалды. Ага каршы Салык, валюта кылмышы жана арам кирешелерди легалдаштыруу департаментинин Чиланзар району боюнча мурдагы башчысы Зиёдулла Иногамов көрсөтмө берген.

– Хаёт Шарифходжаев арам акчаларды адалдаштырган кишилерди калкалап турган. Зиёдулла Иногамов ага каршы көрсөтмө берди. Анын негизинде биз Шарифходжаевди кармадык, – деди ИИМдеги өз булак.

Атйын кызматтын генералы Хаёт Шарифходжаев ушуну менен экинчи жолу камалууда. 2015-жылы жазында ага коррупциялык иштер боюнча айып тагылган. Өз булактар Хаёт Шарифходжаев камалганын маалымдашкан. Бирок кандай жагдайда эркиндикке чыкканы беймаалым.