Өзбекстанда белгилүү имам жумуштан алынды

793

Ташкент шаарындагы “Тынчтык” мечитинин имам-хатиби Шермурод Тогай социалдык түйүндөрдөгү талаштуу пикирлеринен кийин ээлеген кызматынан бошотулду. 

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгы Шермурод Тогайдын социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрү диний жамааттар арасында ушак-айыңдын тарашына шарт түзгөндүктөн жумуштан алынганын кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Өзбекстан муфтийи имам-хатиб боюнча Юстиция министрлигинин бүтүмүнө таянуу менен чечим кабыл алган.

“Тынчтык” мечитинин имам-хатиби болуп Саидбакир Довудов дайындалды.

Быйыл мартта имам Шермурод Тогай Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгын чагым жана паракорчулукка айыптаган. Мындан тышкары башкармалык имамдарга “Салафия” агымындагы баяндарды окууга мажбурлаганын айткан. Анда Шермурод Тогай Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгын жетекчилигин отставкага кетирүүнү талап кылган.