Өзбекстанда бир ай ичинде чек ара бузган 70 киши кармалган

1219

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Чек ара аскерлигинин өкүлдөрү июнь айында мамлекеттик чек араны бузган 70 адамды кармаган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар мекеменин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз-өзбек чек арасында 25, өзбек-казак чек арасында 22, өзбек-ооган чек арасында 16, өзбек-тажик чек арасында 6 жана өзбек-түркмөн чек арасында 1 киши кармалган.

Мындан тышкары өткөн ай ичинде чек ара аркылуу 147,6 миллион сумдук товар — көбүнчө түстүү металл, тиричилик техникаларын жана тамеки продукциясын мыйзамсыз алып өтүү аракети болгон. Кыргызстан менен болгон чек арада 13 миллион, Тажикстан менен 14,3 миллион жана Казакстан менен 1,5 миллион сумга бааланган товар жана материалдык баалуулуктар алынган.