Өзбекстанда болгон мушташтын видеосун тараткан жаран кармалды

713

Ички иштер министрлиги соцтармактар аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан видеону таратууга шектелген адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам интернет аркылуу өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган видеону тараткан.

Ал тасма башка да социалдык тармактар аркылуу жайылып кеткен. Анда видеодогу окуя Ош облусунун аймагында тартылганы тууралуу маалыматтар бериле баштаган.

ИИМ аталган видео Өзбекстандын Наманган облусунда болгонун жана ал өлкөнүн Башкы прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Бир нече күн мурда өзбекстандык социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында топтошкон балдар эки өспүрүмдү катуу сабап жатканы тартылган видео жайылган. Анда колдонуучулар ал окуя Наманган облусунда болгонун жазышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.