Өзбекстанда ишсиз калган чекисттер милиция жана армияда иштей баштайт

818

Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик коопсуздук кызматы болуп өзгөргөндөн кийин ишсиз калган офицерлерге милиция жана армиядан жумуш таап беришүүдө.  

Ондогон офицер өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча арыз жазды. ИИМге жана Коргоо министрлигине атайын кызматтын канча өкүлү которулганы белгисиз.

Өзбекстан ИИМинин кызматкерлеринин бири Улуттук коопсуздук кызматынын айрым функциялары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилерин билдирди.

– Президенттин жарлыгына ылайык, жашыруун уюмдарга техникалык көзөмөл жабдууларды орнотуу жана аларды күн сайын тейлөө 1-апрелден тарта ИИМге өтөт. Мурда бул иштерди УКК аткарып келген. Объектилерди кайтаруу системасын долбоорлогон бюро дагы ИИМге өтөт. Кызматкерлердин иши үзгүлтүккө учурабайт, аларга мурдагыдай эле өлчөмдө маяна берилет. Мындан тышкары алар наамдарын жана жеңилдиктерин сактап калышат, – деди ал.

Бул арада Мамлекеттик коопсуздук кызматынын айрым офицерлери өз каалоолору менен иштеп бошоп, орус тилдүүлөрү Орусияга кетип жатканы кабарланууда. “Алар кандай болсо дагы иш табышат, мындан мамлекет эле жапа чегет. Чиновниктерди көзөмөлдөгөн кураторлор мамлекеттин кулактары жана көздөрү болчу ”, – деп эсептейт атайын кызматтын мурдагы кызматкери.