Өзбекстанда Ислам Каримовдун учагы сатылды

901

Өзбекстанда 1997-жылы өлкө жетекчилиги үчүн жасалган Uzbekistan Airways авиакомпаниясына тиешелүү үч учактын бири сатылды. Бул тууралуу AviaSpotter телеграм-каналы билдирди.

British Aerospace Avro RJ85 (UK-80001 номурлуу) борту 1997-2013-жылдары Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовго кызмат өтөгөн. Бул учак менен ал Өзбекстан аймагына жана жакынкы чет өлкөлөргө учуп турган.

Дагы ушул сыяктуу UK-8002 жана UK-80003 учактары сатылууга даярдалууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.