Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4 кишиге жетти

2160

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 4 кишиге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын телеграф агенттиги жазды. Өзбекстанда 16-марттан тарта бардык ЖОЖдор, мектептер жана бала бакчалар жабылды. Бул COVID-19 коронавирусунун республиканын аймагына тарап кетүүсүн алдын алуу үчүн жасалып жаткан иш-чаралардын бири.

Каникул узартылган учурда улуттук телеканалдан окуучулар үчүн телесабактар көрсөтүлмөкчү. Учурда Өзбекстан бийлиги вирустун тарап кетпеши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы айтылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.