Өзбекстанда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки протоколго кол коюлду

4181

Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасында делимитация жана демаркация жүргүзүү боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки протоколго кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү, өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Назирбек Бөрүбаев аталган маселе боюнча эки тарап ай сайын жолугуп турмай болгондугун айткан.

«Тараптар кыргыз-өзбек чек арасында 94,5 чакырымга созулган жердин сүрөттөп жазылган долбоору боюнча бир макулдашууга келип, аны бекитти. Ошондой эле тактала элек 10 тилкенин бири боюнча макулдашуу болуп, ал да бекитилди. Өкмөттүк делегациялардын отуруму конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки протоколго кол коюлду. Алар — топографиялык жумушчу тобунун, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын документтери. Эки тарап элди түйшөлтүп жаткан чек ара маселелерин майнаптуу чечүү боюнча жумушчу топтордун ишин активдештирүүгө макулдашты. Жыл аягына чейин жолугуп, иштей турган пландардын графиги бекитилди. Эми алар ай сайын жолугуп турмай болду», — деди Бөрүбаев.

Вице-премьер Акрам Мадумаров сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу болгондугун белгиледи. Ал буга чейин да Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугуп, бир топ маселени, анын ичинде чек ара боюнча суроону талкуулаган.