Өзбекстанда «Макгом-2018» музыкалык фестивалы болуп өттү (видео)

775

Байыркы шаарды жаңырткан мукам ырлар. Өзбекстандын Шахрисабз калаасында биринчи жолу эл аралык «Макгом-2018» музыкалык фестивалы болуп өттү. Ага 29 өлкөдөн 200гө жакын искусство чебери келди.

Макгом — чыгыш элдеринде өзгөчө музыкалык жанр болуп эсептелип, чыгарманы аткарууга бир нече аспаптан турган ансамбль жана аткаруучулар катышат. 2003-жылы магком ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилген. Өзбекстан бул жанрды жаштар арасында кеңири жайылтуу аракетин көрүүдө.