Өзбекстанда окуучу кыздар жапырт түрдө гинекологдун текшерүүсүнө жөнөтүлүүдө

929

Самарканд облусундагы мектептердин жогорку класста окуган кыздары менен колледждердин студенттери жапырт түрдө гинекологдун кароосуна жөнөтүлүүдө.

Облустук акимчиликтеги өз булактар кабарлашкандай, бул иш-чара жыныстык жашоону эрте баштаган кыздарды аныктоо жана алардын кош бойлуулукка байланыштуу суициддин алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Иш-чаранын алкагында жыныстык жашоону эрте баштагандыгы аныкталган кыздардын ата энелери менен мугалимдер, дарыгерлер жана психологдор сүйлөшүп жатышат.

Булактын айтымында, текшерүүнүн жүрүшүндө аймак боюнча жалпысынан ондогон кош бойлуу жаш кыздар аныкталган. Ал бул тууралуу мугалимдер менен дарыгерлер алардын ата-энелерине гана кабарлашканын кошумчалады.

Ошол эле маалда окуучулар менен студент кыздар иш-чара мажбурлоо жолу менен жүргүзүлүп жатканын билдиришүүдө. Айтымдарында, дарыгердин кароосунан кийин кыздардын биринин кош бойлуу экендиги тууралуу бүтүндөй окуу жайга белгилүү болуп калган.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик кыздарды жапырт түрдө гинекологдордун кароосуна өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин жакында эле Самарканд облусунда айткан сөздөрүнөн кийин жөнөтө башташты.

9-ноябрда Самарканд облусунун элдик депутаттар кеңешинин сессиясына катышкан мамлекет башчы аймакта аялдар менен кыздардын өз жанын кыйган учурлар көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирген. Мирзиёевдин айтымында, акыркы убактарда Самаркандда 145 кыз-келин өз өмүрүнө кол салган.