Өзбекстанда тыюу салынган уюмдарга кошулганы үчүн өкүнгөн кишилер жазадан кутулат

1181

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 19-сентябрда “Адашуу менен террордук, экстремисттик же башка тыюу салынган уюм менен топторго кошулуп кеткен жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тартиптерин жакшыртуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Жаңылуу менен террордук, экстремисттик же башка тыюу салынган топторго кошулуп кеткен Өзбекстан жарандарынын кайрылуусун кароо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Аны башкы прокурор Отабек Муродов жетектейт.

2018-жылдын 1-ноябрынан тарта адашып тыюу салынган уюмдарга кирип кеткен Өзбекстан жарандары комиссия бүтүмүнүн негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Эгер комиссия терс бүтүм чыгарса, баардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат.

Чет өлкөдө тыюу салынган уюмдарга кошулуп кетип, жасаган ишине өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алган жарандардын арыздары Өзбекстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө кабыл алынат.

Комиссия ыйгарым укуктарынын алкагында чечим кабыл алса, аны бардык мамлекеттик орган жана уюмдар аткарышы керек.

Былтыр тыюу салынган уюмдарга кошулуп кетип, кийин жасаган иштери үчүн өкүнүп, тынч жашоо образына кайткан 18 миңдей жаран укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чийилген. Алардын 10 миңден ашууну жумушка орношууда жардам алган.