Өзбекстанда унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшкөндөргө жаза күчөтүлдү

643

Өзбекстанда унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшкөндөр үчүн жаза күчөтүлдү. Юстиция министрлиги билдиргендей, тиешелүү өзгөртүүлөр Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилди.

Мындан ары рулда баратып телефондо сүйлөшкөндөргө үч минималдык айлык акы өлчөмүндө айыппул (мурун эки минималдык айлык акы өлчөмүндө болгон) салынат.

Мыйзамды кайталап бузгандар алты айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Ташкент шаардык жол кыймыл коопсуздук башкармалыгынын маалыматына караганда, 9-14-октябрь аралыгында унаа башкарып баратып телефон менен сүйлшкөн 67 айдоочу кармалган.