Өзбекстандык 17 компания Кыргызстандан картошка ташый баштады

712

Өткөн аптада эки тарап макулдашып, анда Кыргызстан Өзбекстанды картошка менен камсыз кыла турган болгон. Ысык-Көл областындагы ишкерлер “Наманган Универсал Савдо Инвест” компаниясы менен 2 миң тонна картошка жеткирүүнү макулдашышты. Азыр 66 тонна жөнөтүлдү. Фитосанитардык сертификациялоо коңшу өлкөнүн талаптары менен жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, быйыл 17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картошкага тыюу салуу боюнча бир тараптуу чечим кабыл алган. Быйыл Кыргызстанда 1 миллион тонна картошка өндүрүлдү. Дыйкандар анын баасы өтө төмөн болуп жатканын айтып нааразы болушууда.

Бул маселе боюнча президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, көйгөйдү тез арада чечүүнү талап кылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.