Өзбекстандык продюсер швед ырчысы Арашты сотко берет

704

Өзбекстанда Nigora Media Group продюсердик компаниясынын жетекчиси Нигора Соим поп ырчысы Арашты сотко берүүгө даярданууда. Өзбек продюсеринин айтымында, октябрга белгиленген концерт болбой калгандыгына байланыштуу ал 50 миң доллар чыгаша тарткан.

Иран тектүү белгилүү швед ырчысы Араш 31-октябрда Ташкентте концерт бермек. Бирок бир күн калганда ал Өзбекстанга келүүдөн баш тарткан. Араш бул аракетин өзбек уюштуруучулары өз милдеттенмелерин аткарган эмес деп түшүндүргөн.

Араштын продюсери Генрик Ульман 14-ноябрда Nigora Media Group продюсердик компаниясы гонарарды толук төлөп бербегендиктен, концерт коюудан баш тартышканын билдирди.

Нигора Соим гонорардын калган бөлүгүн Араш Ташкентке келгенде төлөп берерин убадалаганын айтууда.