Өзбекстандын атайын кызматы тинтүү учурунда табылган акчанын ээсин издөөдө

741

Кошуна өлкөнүн атайын кызматкерлери Фергана областында жеңил унааны токтотуп, ичин тинтүү учурунда 736 миң доллар оролгон 23 таңгакты табышкан.

Жүргүнчүлөр акчаны бирөөлөрдүн буйрутмасы менен Кыргызстанга жеткирип баратканын айтышкан. Анын үйүн тинтүү учурунда дагы 24 таңгак табылган. Жалпы жонунан 1 миллион 700 миң доллар алынган.

Мындан тышкары, валютаны контрабанда жолу менен алып бараткан дагы бир адам кармалган. Анын унаасынан 1 миллион 700 миң доллар оролгон 35 таңгак чыккан. Эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, Өзбекстандын атайын кызматы акчанын ээлерин издеп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.