Өзбекстандын газ заводунда жарылуу болду

846

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы газды кайра иштеткен заводдо жарылуу болуп, кеминде үч киши мерт кетти, дагы бири ууланып ооруканага жеткирилди. Күбөлөрдүн айтымында, жабыр тарткандар монтаж-ремонт иштерин жүргүзүп жаткан заводдун жумушчулары болгон. Жарылуунун себептерин аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Заводдогу жумушчулардын бири техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жарылуу болгон деген версия да каралып жатканын айтты. «Метан газынын курамынан пропан-бутан өндүрүлгөн 18-цехте жарылуу болду. Кырсык учурунда цехтин башчысы, слесарь жана оператор мерт кетти. Дагы бир жумушчу газга ууланып, ооруканага жеткирилди», – деди ал.

Заводдун директорунун жардамчысы жарылууну кокустук деп атады. Ал курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жана моралдык жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.