Өзбекстандын Сох анклавына Кыргызстан коридор бербейт (видео)

2649

Өзбекстандын Сох анклавына Кыргызстан коридор бербейт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев билдирди. Айтымында, эки тарап буга чейин пандемияга байланыштуу жабылган көзөмөл өткөрүү жайларын ачууну гана сүйлөшүшкөн.

Ага ылайык, жакынкы күндөрү мамлекеттик чек арадагы 7 өткөрүү пунктунун иши жанданары күтүлүүдө. Анда кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартип менен документтери текшерилип, атайын каттоого алынгандан кийин гана өтө алышат. Кыргыз-өзбек чек арасында тактатала элек канча тилке калды?