Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси камалды

811

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсовду Аскер прокуратурасы ири өлчөмдөгү пара менен кармап, сот чечими аркылуу эки айга камады.

Жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынын билдирүүсүнө караганда, кылмышка шектүү 6-июлда Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азырынча расмий тактала элек маалыматтарга караганда, министрдин кеңешчиси 146 миң доллар пара алып жатканда колго түшүрүлгөн жана бул уран иштетүү боюнча тендерге байланыштуу болгон.

Аскер прокуратурасы бул маалыматты бышыктай элек жана муну тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштырып жатат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кеңешчиси Нурбек Жолборсовдун кармалгандыгынан кабарсыз экенин айткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.