Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты

3077

Кыргызстанда жакынкы күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт, тоолорго кар жаап, кээ бир жерлерде катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, чукул билдирүү таратты.

Анда 5-7-майда Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында нөшөр жаан, тоолуу аймактарда мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөй турганы айтылат. 4-7-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында нөшөр жаан жаап, дарыя, арыктардан суу ашып кетиши ыктымал. Ушундай эле туруксуз аба ырайы 8-10-майда бардык облустарда да сакталат.

Өткөн аптанын соңунда Баткен облусунда нөшөр жаандан кийин каптаган сел суусу, өкмөттүн эсептөөсүнө караганда, 69 миллион сомдук чыгым алып келди.