Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты

998

Бүгүнтөн тарта 23-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын айрым аймактарында кайрадан сел жүрүү коркунучу бар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы төрт күндө катуу жаан күтүлгөндүктөн, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл экенин билдирет. 15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Баткен областындагы 3 райондо 259 үйдү сел каптаган.

Буга байланыштуу Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, ал тартип дагы деле сакталууда. Суу ташкыны турак-жайларды, короолорду каптаган учурлар өлкөнүн башка жерлеринде да катталууда. Жакында эле Ысык-Көл областынын Тоң районунун 3 айылында дагы катуу жаандын натыжасында сел жүргөн.