Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн режимде иштөө тартибине өттү

836

Аба ырайынын температурасы кескин төмөндөөсүнөн улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн режимде иштөө тартибине өттү.

Эске салсак, кечээ күнү мекеме шашылыш билдирүү таратып, абанын табы кескин төмөндөп, айрым аймактарда 30 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Бийик тоолуу райондордо сууктун күчү -35-40 градуска чейин жетээри белгиленди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды 26-январдан 29уна чейин узак жолго чыгуудан кармана турууга чакырууда.

Адистердин айтымында, суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Буга байланыштуу кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралса, жарандар 112 кызматына чалуулары зарыл.