Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

819

Ага ылайык, 18-майдан 21-майга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, дешет адистер.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.