Өзгөчө кырдаалдар режимин тоготпогондор (видео)

1630

Дүйнө жүзү төрт жумага бекинсе, коронавирус пандемиясын токтотууга мүмкүн болмок. Бул тууралуу Кытайдын коронавирус боюнча клиникалык эксперттер тобунун жетекчиси Чжан Вэньхун билдирген. Вирусологдун айтымында, Европада Covid-19 пандемиясы жакын арада бүтөт деп үмүттөнбөй эле коюш керек. Жаңы типтеги вирусту жок кылуу үчүн мамлекеттер өтө радикалдык кадамдарга барышы зарыл.

Мисалы, өлкөдө бардык кыймылдар токтотулуп, чек аралар толугу менен жабылышы керек. Бирок кытайлык дарыгер Чжан Вэньхундун айтымында, мамлекеттердин мындай кадамга барышы күмөн. Чындыгында эле, жарандарды үйдөн чыкпай, тартип так сактоого канчалык көп чакырыктар жасалбасын, буга кайдыгер карагандар көп катталууда. Кыргызстанда азыр өзгөчө кырдаал киргизилгени менен, шаарларда автоунаалардын кыймылы азайган жок. Парктарда сейилдеп жүргөндөрдү да көрүүгө болот.