Өзгөчө статус Баткен областына эмне берет? (видео)

1412

Өзгөчө статус Баткен областына жана аталган аймакта жашаган тургундарга эмне берет? Жакында эле дубанга жетекчи болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиев баткендиктер үчүн бир катар жеңилдиктерди жана тартиптерди киргизүү боюнча сунуштарды даярдап жатат.

Ал арада Бишкекте эксперттер Баткен областынын губернаторуна вице-премьер-министр рангын берүүнү сунушташууда. Ошондо гана чек арада талаштуу тилкелерге байланыштуу көйгөй жаралса маселени жеринен чечүү оңой болуп калат дешет.