Өзгөн: 12-жашар баланын өлүмүнө себепкер болгон селкинчек (видео)

831

Ош областынын Өзгөн шаарындагы жеке менчик парктан 12-жашар баланын селкинчектен кулап каза тапканы боюнча кылмыш иши козголду. Мектеп окуучусунун башы темирге тийип, ал жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбестен каза болгон. Бул жайды иштеткен жеке ишкер баланын кулап түшүүсү коопсуздуктун сакталбаганынан эмес, кырсык деп билдирүүдө.

Ал арада бул парк жайгашкан тилке боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатканы маалым болду. А түгүл мурдагы шаар жетекчисине «мамлекеттик документтерди жасалмалоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуптур.