Өзгөн районунда жер көчкү коркунучу күч алды (видео)

869

Ош областынын Өзгөн районундагы жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган бир топ жергиликтүү тургун чатырларда убактылуу күн кечиришүүдө. Тиешелүү министрлик чатырда жашаганды каалабагандарга, коопсуз аймактагы туугандарынын үйлөрүнө убактылуу жашап туруусун эскертишүүдө. Себеби Өзгөн районунун аймагындагы 115 аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар. Адистер өзгөчө жаз айларында, жаракасы бар тоолор көчүшү ыктымал деп эскертүүлөрдү байма-бай берип жатышат. Буга карабастан кооптуу аймактардан көчпөй жаткандар да бир топ.
Алар башка тилкеге барып турак-жай салып жашаганга каражат жагынан мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтышууда. Себеби жер участоктору бекер берилгени менен үй салууга эч кандай жардам каралган эмес. Ал арада көчпөй жаткандарды тиешелүү кызматтар сотко берип, атайын чечим менен мажбурлап көчүрүшкөн учурлар да бар экен.