Өзгөн районундагы нөшөрлөгөн жаандын кесепеттери (видео)

1513

13-майдан 14-нө караган түнү Ош областынын Өзгөн районундагы Мырзаке айылында нөшөрлөгөн жаандын натыйжасында 92 үйдү суу каптап, 10 турак-жайдын ичине чейин суу кирген. Учурда адистер селден жабыркаган имараттардын абалын текшеришүүдө. Мындан тышкары, 66 үйдүн коросун суу каптап, ошондой эле жалпы узундугу 2-3 чакырым болгон арыктар ылайга толуп, 1,5 гектарга жакын айдоо жерлерин шагыл аралашкан сел каптап, андагы түшүм жок болду. Азыр келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөө жүрүп жатат. Синоптиктердин маалыматы боюнча, мындай аба-ырайы 16-майга чейин сакталат.