Өзү бар, бирок документи жок адамдар (видео)

1477

Өлкө боюнча 210 миңге жакын баланын иденцификациялык номери жок. Алар жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып, мектеп жашындагы өспүрүмдөр. Баш калаанын чеке-белиндеги жаңы конуштарда балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жүргөн үй-бүлөлөр ондоп саналат. Арасында паспорту жоктор дагы бар. Адистер жарандардын колунда өздүгүн тастыктаган документтеринин жоктугун ички миграция менен байланыштырышат. Мамлеттик кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандар өлкөнүн аймактарынан келип, шаарда отурукташып калгандар.