Өзүн өрттөйм деген аялдар (видео)

541

Чүй областынын жүзгө жакын тургуну жер маселесин чече албаган өкмөткө нааразы болуп, айрымдары өзүн өрттөөгө аракет жасашты. Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында колунда “кызыл китеби” бар жер ээлери кезектеги нааразычылык акциясына чыгышты. Алар өз участокторунда үй курууга уруксат беришин талап кылышты.

Он жыл мурда эле 3600 кишиге 4 сотыхтан жер бөлүнгөн. Бирок “кызыл китепте” айдоо багытында деп жазылып калгандыктан, жергиликтүү бийлик жер тилкелеринде курулуш иштерин баштоого уруксат бербей келет.