Өзүн өрттөйм деп айыл өкмөтүн басып алган аялдар (видео)

3168

Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алды делген аялдар жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу аталган областтын жетекчиси Эркин Тентишев айтты. Ал эми Чүй областтык милициясы аталган факты боюнча тергөө иштери башталганын билдирүүдө.

Кредитин төлөй албагандыктан үйлөрүнөн ажырап калуу коркучуна кабылган 10дой аял Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына кирип ичинен бекитип алышкан. Алар насыяларын жоюуну талап кылып, эгерде маселе чечилбесе, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин аялдар ишемби күнү премьер-министр менен жолугушмай болушту. Ошондон кийин гана имаратты бошотуп беришти.