Пайдасы жок дарылардын «кара тизмесин» түзүү керек (видео)

705

Айрым дарыгерлер тыюу салынган жана пайдасы жок дарыларды жазып берүүнү токтотпой келишүүдө. Бул тууралуу «Өлкөдө пайдасыз дарыларды сатууну канткенде токтотууга болот?» деген аталыштагы тегерек столдо айтылды. Адистер билдиргендей, медиктер жазып берген күмөндүү дары-дармектерди кабыл алган оорулуулар арасында күтүүсүз каза тапкандар дагы жок эмес экен.

Адистердин айтымында, өлкө аймагына кирген медикаменттердин 30 пайызы аткезчилик жол менен келип, өз билемдик менен коюлган баа менен сатылат. Бул абалды жөнгө салуу үчүн пайдасыз дарылардын «кара тизмесин» түзүлүп, аларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салуу сунушталып жатат.