Пакистанда шайлоо күнкү жардыруудан 28 киши мерт болду

651

25-июлда Пакистандын батышындагы Кветта шаарында полиция кербенине каршы уюштурулган жардыруудан кеминде 28 киши мерт болду. Өлкөдө бүгүн парламенттик шайлоо өтүп жатат.

Бул Пакистанда шайлоо өнөктүгү башталгандан берки алгачкы теракт эмес. 13-июлда ушул эле шаардагы эки жолку кол салуудан бери дегенде эле 133 киши өлүп, 230дан ашыгы жарадар болгон. Бул теракттар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу өзүнө алган.

Парламенттин 342 орундуу төмөнкү палатасы үчүн негизги күрөш Имран Хандын «Техрик-и-Инсаф» партиясы менен коррупцияга айыпталып 10 жылга соттолгон мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин Пакистан мусулмандар лигасынын ортосунда жүрүүдө.

Мындан тышкары өлкөдөгү 106 миллион шайлоочу Хайбер Пахтунхва, Пенжаб, Синдх жана Балучистан провинцияларынын жергиликтүү кеңештеринин мүчөлөрүн тандап жатышат.