Пакистандагы жардыруудан 6 киши каза болду

712

Пакистандын Афганистан менен чегине жакын жайгашкан Түндүк Вазиристан аймагында жардыруу болуп, 6 киши набыт болуп, 10 чакты адам жарадар болду. Жабыркагандардын баары жай тургундар.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бомба жол боюнда токтотулган мотоциклге коюлганын айтышууда. Азырынча бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир тарап өзүнө ала элек.

Өлкөнүн түндүк-батышында жүргүзүлгөн аскердик операциядан кийин бул аймак негизинен тынчып калган, деп эсептелчү. Бирок экстремисттик топтор маал-маалы менен террордук чабуулдарды жасап турушат.