Памирден келген кыргыздардын жашоо шарттары (видео)

1106

1,5 жыл мурда Афганистандын Памир аймагынан Нарынга көчүп келген кыргыздар, өкмөттөн турак-жай маселесин чечип берүүсүн суранышууда. Антпесе алар кайра артка кайтууга мажбур болушат. Башта аткаруу бийлиги аларга жер тилке маселелерин чечип бере турганын билдирген. Бирок убадалар аткарыла элек дешет.

Ал арада Памирден келген кыргыздардын айрымдары Нарын шаарындагы борбордук базарда картон кагаздарын чогултуп, акча табууда. Андан түшкөн каражат бир үй-бүлөнүн күнүмдүк оокат-ашына жетип турат экен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо, Афганистандан көчүп келген кыргыздарга мамлекет тарабынан колдон келген жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдиришти.