Пандемия учурунда жумушсуз калгандарга качан жардам берилет? (видео)

1694

Пандемия учурунда жумушсуз калгандарга жардам качан бериле баштары белгисиз. Буга чейин өкмөт ишсиз отургандарга 900 сомдон төлөнөт деп убадалаган. Өлкө боюнча карантин учурунда 100 миңдей адам жумушсуз калса, алардын 38 миңине гана 900 сомдон берилет экен.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери, бул сумма жарым жыл бою ай сайын төлөнүп турарын билдирүүдө. Бирок азырынча жумушсуз калгандардын так тизмеси түзүлө элек.