Пандемияда бейтаптарды ташыган ыктыярчылар айыптан бошотулабы? (видео)

1801

Июль айында илдет күчөп турган маалда, бейтаптарга ыкчам жардам берип жүрүп жол эрежесин бузууга аргасыз болгон ыктыярчылар айыптан бошотулушу мүмкүн. Ал үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалым кат алып, мониторинг борборуна кайрылышы керек.

Буга чейин Бишкек шаарында эреже бузган айдоочулардын ичинен 48 кайрылуу түшкөн. Алардын баардыгы коронавирус курчуп турган маалда оорулууларга жардамга келген ыктыярчылар. Бирок азырынча 600дөн ашуун эреже бузуунун ичинен 100дойу гана айыптан бошотулуптур. Ал эми калгандарынын штрафын жокко чыгаруу өтүнүчү дагы деле кароодо жатат.