Пандемиянын мизин кайтарууга көмөкчү болгон Бабанов (видео)

1377

Өмүрбек Бабанов коронавирус күчөп, дарылоо жайларында орун жетишпей турганда бейтаптарды дарылоо үчүн мейманкананы ооруканага айлантып, мекендештерине жардам берген. Дарыгерлердин айлыгын төлөп берип, медициналык каражаттар, дары-дармек, жеке коргоонуучу каражаттар менен камсыз кылган. Бул тууралуу ошол убакта Россиядан Кыргызстанга көмөктөшүү үчүн келген дарыгерлер айтып чыгышты.

Алар белгилегендей, Бабанов Россиядан керектүү дары алып келүүгө да акча берген. Анын элге кылган жакшылыктарын жарандар да унута элек. Алар эч кандай негизи жок камалган мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду тергөө абагынан бошотууну талап кылышууда.