Пансионаттардын өрттөлүшүнө ОПГ мүчөлөрү күнөөлүүбү? (видео)

605

Ысык-Көл областындагы пансионаттарда коттедждер өрттөнгөн фактылар көбөйүүдө. Төрт күндүн ичинде эле үч эс алуучу жайында өрт чыкты. Учурда кырсыктын себептери иликтендө. Бирок бири-биринин артынан кайталанган учурлар көпчүлүктү чоочута баштады. Айрымдары мунун баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн колунан келиши мүмкүн деп шекшип жатышат. Белгилей кетсек, жыл башында Бостери айылындагы кафе толугу менен күйүп, кожоюну буга криминалдык дүйнөнүн мүчөлөрүн айыптаган. Бирок азыркыга чейин кылмышка шектүүлөр кармала элек. Мындан улам, караларга акча бербеген ишкерлердин пансионаттарды өрттөлүп жатабы деген суроо туулбай койбойт.