Пансионатты ээлеп алууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

609

Милиция өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүн кармады. ИИМдин маалыматына караганда, Бишкектин тургуну С. М. аттуу жаран Ысык-Көлдөгү 350 миң долларлык пансионатына ээлик кылып алганына даттанып арыз менен кайрылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча буга чейин алар чогуу бизнес менен алектенип келишкен. 2010-жылы С. М. пансионатты өнүктүрүү үчүн жабырлануучуга бир нече унаа жана 60 миң доллардан ашык каражат берген. Эки жылдан кийин С. М. акчасын талап кылып, жабырлануучу ага күрөө катары пансионатка болгон башкы ишеним кагазын берген. Кийин С. М. пансионатты жакын тууганынын атына каттатып алганы белгилүү болгон.

2016-жылы ишкер карызынан кутулуу үчүн батирин 125 миң долларга саткан. Бирок анын өнөктөшү пансионатты ага чейин эле сатып жиберген болот. Ошентип ал жабырлануучуга 350 миң доллар чыгым келтирген.

ИИМден билдиришкендей, колго түшүрүү маалында шектүү 2018-жылы чыккан дээрлик 100 миң долларлык Лексус LX 570 үлгүсүндөгү унаа менен бараткан.

Милициянын маалыматына караганда, кармалган жаран буга чейин «Опузалоо» беренеси менен соттолгон. Криминалдык чөйрөдө «положенец» макамына ээ жана өзгөчө оор кылмыш үчүн 30 жылга соттолгон кримтөбөлдүн жакын тууганы болуп эсептелет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.